Ош шаары республикалык олимпиадада кыргыз тили боюнча 1-орунга чыкты

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында Ош шаары биринчиликти багындырды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча өткөн олимпиада окуучулардын окуган классынын тилине карата бааланган. Жыйынтыгында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстардан да, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстардан да Ош шаарынан барган 2 окуучу — Досмурат кызы Аида да жана Сайпидин кызы Үпөл республикалык баскычта биринчиликти багындырышты. Алар Курманжан Датка атындагы Ош лицейинде билим алышат.

Республикалык олимпиадада алдыңкы орунду ээлеген окуучуларды сыйлоо аземи эртең, 2-апрель күнү өтмөкчү.

Жыл сайын өтүүчү мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жалпы 10 предмет боюнча уюштурулуп, анын финалдык баскычына өлкө боюнча 318 окуучу катышты.
Толугураак http://bilim.akipress.org/kg/news:363150/?f=cp

Ошто мугалимдердин диагностикалык аттестациясы жыйынтыкталды

Ош шаарында мугалимдердин ыктыярдуу диагностикалык аттестациясы өткөрүлүп, ага жалпы 1 миңден ашуун билим берүү кызматкерлери катышты. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы усулчусу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин диагностикалык аттестациясы Ош шаарында гана демилгеленип, быйылкы окуу жылын кошкондо үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

«Ыктыярдуу диагностикалык аттестацияда ар бир каалоочу мугалим өзүнүн адистиги боюнча сынак тапшырат. Бизде быйыл жалпы 12 предмет боюнча сынак жүргүзүлдү. Сынак баракчасында 20-40 суроо камтылып, ар бир предметке 1 сааттан убакыт берилди. 25-мартта башталып, 27-мартта аяктаган сынактын жыйынтыгында ким канча баа алгандыгы тууралуу маалымат сыр бойдон сакталды. Башкача айтканда, мугалимдер жыйынтыгын өзүнө гана маалым болгон атайын код менен биле алат. Ошентсе да алдыңкы орунду ээлеген мугалимдердин жыйынтыгы ачык чыгарылды», — деди Т.Досмуратов.

Сынактын негизги максаты — мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, педагогикалык чеберчилигин арттыруу.

Ош шаарындагы орто мектептерде жалпы 3 миңге жакын мугалим эмгектенет.
Толугураак http://bilim.akipress.org/kg/news:362908/?f=cp

Ош шаарында предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (аты-жөнү)

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектеп-лицейинде 12-13-март күндөрү республикалык олимпиаданын 3-туру (регионалдык) өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы, аталган иш-чаранын уюштуруучусу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, олимпиаданын бул баскычына Ош шаарындагы мектептерден жалпы 171 окуучу катышты. Олимпиаданы так жана калыс баалоо үчүн 51 кишиден турган комиссия, 9 кишиден турган уюштуруу тобу түзүлгөн.

Олимпиада эртең мененки саат 8:30да башталып, кечки саат 17:00дө (ачылыш аземи, апелляцияга кеткен убакытты кошкондо) аяктады. Сынак учурунда көзөмөлчүлөрдүн тобу уюштурулуп, ага ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү киришти.

Толугураак http://bilim.akipress.org/kg/news:361918/?f=cp