Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» быйыл жыл соңуна чейин улантылат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөндү эскерүү менен өсүп келе жаткан жаш муунду жарандык атуулдукка, достукка, улут аралык ынтымакка тарбиялоо максатында өтүп жаткан бул саамалык Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарында 2017-жылдын 7-8-ноябрында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөнүн иш мерчемдеринде» көрсөтүлгөн тапшырмаларга ылайык уюштурулууда.

«Бул күндөрү окуучуларыбыздын музейлерге, китепканаларга саякаттары уюштурулуп, андан сырткары, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө алып келген тарыхый окуяларды, ата-бабаларды жана тарыхый инсандардын эрдиктерин, көрөгөчтүгүн, акылмандыгын, даанышмандыгын даңазалаган тематикалык ачык сабактар, тарбиялык сааттар, семинарлар, тегерек столдор жана башка ушул сыяктуу иш-чаралар өтүүдө», – дейт Т.Досмуратов.

Эске сала кетсек, өткөн айдын башында 2017-жылдан тарта 7-8-ноябрды «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» катары белгилөө жөнүндө мурдагы президент А.Атамбаевдин атайын жарлыгы чыгып, Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилген.