Жаңылыктар

Ошто «Жаш мугалим – 2019» сынагынын финалдык баскычы өтөт

Ош шаарында 15-май күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусу менен «Жаш мугалим – 2019» кароо-сынагынын финалдык баскычы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди. Анын айтымында, Ош шаарындагы 3 миңден ашуун мугалимдердин арасынан суурулуп чыгып, сынактын буга чейинки баскычтарында майда көздүү чоң электен өтүп келген финалисттер жобого […]

Ошто окуучулар арасында жомок айтуу сынагы өттү

Ош шаарындагы башталгыч класстын окуучуларынын арасында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жомок айтуу сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башталгыч класстар боюнча усулчусу Мумина Мирзакаримова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында жарыялады. Анын айтымында, бул сынак март айында мектептик баскычта, андан кийин зоналык баскычта өтүп, 27-апрель күнү шаардык баскыч менен жыйынтыкталган. Бул сынакты […]

Оштогу 4-класстардын олимпиадасын жеңген окуучулар англис жана корей тилдерин акысыз окушат

Ош шаарындагы мектептердин 4-класстарынын окуучулары арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Мумина Мирзакаримова билдирди. Анын маалыматы боюнча, иш-чара ТКО (төртүнчү класстардын олимпиадасы) деп аталып, башкармалыкка караштуу бардык мектептердин, ошондой эле каалоочу менчик мектептердин окуучулары үчүн пландаштырылган. Жыйынтыгы электрондук текшерүү ыкмасы менен заматта чыгарылып, алдыңкы орундарды багындырган мектептердин окуучулары, аларды […]

баарын оку