Жаңы жылдык куттуктоо!

Сиздерди Жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаны жыл – бул майрам болуу менен бир катарда жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарууга жана алдыга жаңы максаттарды белгилөөгө жакшы өбөлгө болуп эсептелет.

Ошто балдар үчүн мэрдин жаңы жылдык балатысы өттү

Бүгүн, 25-декабрь күнү Оштогу “Келечек” чыгармачылык балдар борборунда “Мэрдин балатысы” болуп өттү. “Алтын балаты ”деген аталыштагы оюн-зоок программасына шаардын мектеп-интернаттарынан , балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрндүн балдарынан 200гө жакын бала катышты.

Ошто окуучулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өктөрүлдү

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Ош шаарынын орус тилдүү мектеп-гимназиялынын окуучулары арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдешти. Ага мектептен тандалып алынган бирден команда күч сынашты. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлады.

Оштогу мектептерде тарых жана ата-бабалар жыл аягына чейин эскерилет

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» быйыл жыл соңуна чейин улантылат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Ошто Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата иш-чара өтөт

Ош шаарында 2018-жылы белгиленүүчү залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын утурлай анын өрнөктүү өмүрү тууралуу «Бабамдан баян» китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.