Ош шаардык билим берүү башкармалыгын 26-январдагы № 17/01-8 буйругунун негизинде 26-27-февраль күндөрү шаардагы № 52 “Кыргыз-Түрк достугу” атындагы мектеп лицейинин базасында предметтик олимпиаданын III (регионалдык) баскычы болуп өттү. Олимпиаданын бул баскычына Ош шаарындагы мектептерден жалпы 188 окуучу катышып, алардын эмгектерин так жана калыс баалоо үчүн 51 кишиден турган комиссиянын курамы, 9 кишиден турган уюштуруу тобу түзүлгөн.

Олимпиада эрте мененки саат 9:00 дө башталып, кечки саат 16:00дө (апелляцияга кеткен убакытты кошкондо) аяктады. Олимпиада учурунда көзөмөлчүлөрдүн тобу уюштурулуп, ага ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жаңы Жобого ылайык олимпиаданын бул баскычында окуучулар окуган классына эмес, жалпы көрсөткүчүнө карап 1-2-орунду ээлеген катышуучулар IV (республикалык) баскычка жолдомо алышты.

Олимпиаданын бул баскычында алдыңкы орунга ээ болгон окуучулары көп болуп, IV (республикалык) баскычка жолдомо алган мектептер Ош шаарындагы № 52 “Кыргыз-түрк достугу”, “Сема”, “Сапат”, “Билим” лицейлери, № 20 И. Раззаков жана “Олимп” гимназия мектеби, ошондой эле № 32 Ж. Мамытов орто мектептери болду.

Быйылкы олимпиаданын дагы бир өзгөчөлүгү – апелляциянын азайгандыгы болду. Жылдан жылга апелляциянын азайгандыгы – окуучулардын дагы, ата-энелердин дагы ишенимин арттырат. Муну менен катар катышуучулардын ар биринин өз иштерин жактоо учуру видеотасмага алынгандыгы да жетишкендик катары бааланды. Бул ар кандай талаш-тартыш маселелер чыкканда дагы туура, далилдүү жана адилеттүү чечкенге жол ачат.

There are no comments yet.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked (*).