Жазгы жашылдандыруу иштерин Ош шаарындагы билим берүү мекемелери февраль айынан кирише баштады. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Асанов билдирди.

Жазга карата кызуу даярдык азыртан көрүлүп, шаардагы 10 билим берүү мекемесине, тактап айтканда № 2, № 5, № 17, № 26, № 3, № 1, № 47, № 24, № 38, № 41 мектептерге жалпы 300 балаты отургузулду. Балатыны отургузуу иш чарасына Жогорку Кеңештин депутаты, бул саамалыктын демилгечиси Айнуру Алтыбаева өзү катышып, аталган мектептерде болуп кайтты.

 

There are no comments yet.

Добавить комментарий

Your email address will not be published. Required fields are marked (*).