Ош шаарында алгач ирет «Жаш мугалим – 2018» сынагы өтүп, ал Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Ош шаарындагы 4 миңге жакын мугалимдеринин арасынан суурулуп чыгып, сынактын буга чейинки баскычтарында майда көздүү чоң электен өтүп келген финалисттер, жобого ылайык, стажы 3 жылдан өтпөгөн билим берүү кызматкерлеринин арасынан тандалды.

Алар Ош шаарындагы Юрий Гагариндин атын алып жүргөн №17 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Таабалдиев Сүйүнбай, эки элдин достугуна орток көпүрө «Кыргыз-түрк достугу» атындагы №52 лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шамырзаев Илгиз, Жапалак айылында жайгашкан №48 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мухамеджан кызы Айдай, дагы бир кыргыз тили жана адабияты мугалими, №33 Самудин Алымкулов орто мектебинин жаш адиси Орозбекова Ырысгүл, шаардагы жалгыз Валентина Терешкова атындагы №11 интернат мектебинин информатиги Касымов Эламан, буга чейин өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында тарых мугалимдеринин арасында 1-орунду ээлеген №18 Алишер Навои мектеп-гимназиясынан келген Бабаназар уулу Исабек, жаш экенине карабай, таптаган окуучулары республикалык таймаштарда беттегенин бербей келе жаткан №27 XXIV Партсъезд орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл болду.

Сынактын финалдык баскычынынын 7 катышуучусуна калоо-тилегин айтуу менен бул салтанаттуу иш-чаранын негизги бөлүгүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Асанов Авазбек ачып берди. Ал жаш мугалимдердин демине дем, күчүнө күч кошкон баалуу сөздөрдү айтып, бул сынак жаш мугалимдердин айталбай жаткан ички көйгөйлөрүн элге айтып алуу үчүн ачылган мүмкүнчүлүк экенин баса белгилеп өттү.

Сынактын финалдык баскычы төмөнкүдөй бөлүктөр менен коштолду:
1. «Менин педагогикалык өнөрканам» аттуу көргөзмөлөр болуп, мында жаш мугалимдер өздөрүнүн усулдук колдонмолорун жана башка жасаган иштерин элге көрсөтө алышты.
2. «Сапаттуу билимге такшалган мугалим» аттуу өздүк презентация. Мында катышуучулар педагогикалык концепсияларын коргоду.
3. Мастер-класс, башкача айтканда, педагогикалык кырдаалдан чыгуу.
4. Полиглот мүнөтү болуп, мында катышуучулар түрдүү педагогикалык терминдерди чечмелеп беришти.
5. Блиц-турнир, башкача айтканда, чукул суроолор берилип, финалисттер жооп жазышты.
6. Эң соңку «Өнөр – кесип тандабайт» аттуу бөлүктө таланттуу мугалимдер кесиптик жана чыгармачылык шыктарын элге тартуулап берди.

«Бүгүнкү сынактын буга чейинки баскычтары тууралуу азыноолак айтып өтсөк, алгач мектептик баскычы өткөрүлүп, андан суурулуп чыккан катышуучулардын саны 40ка чукулдап, үстүбүздөгү жылдын башында андан тандалып чыккан 18 мугалимдин ачык сабактарына күбө болдук. Андан сырткары, бул сынакка катышкан кесиптештерибиздин мугалимдердин диагностикалык аттестациясында алган упайлары эске алынды. Сынактын кыл көпүрөсү, майда көздүү элегинен өткөн 7 финалчы үчүн социалдык баракчаларыбызда добуш берүү уюштурулуп, андагы кызуу талкуулар интернет бетин бербей келди», – деди аталган сынактын уюштуруучуларынын бири Тынчтыкбек Досмуратов.

Анын айтымында, билим берүү кызматкерлерин ар тараптан колдоого алып, көмөк көрсөтүп, бул кароо-сынакты да демилгелеп, демөөрчүлүк кылып, мугалимдерди чыгармачылык менен иштөөгө үндөп келген Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев атайын борбор шаардан келип, сынактын финалдык баскычына баштан-аяк катышып, сөзгө чыккан.

А.Нурбаев бул сынактын жүрүшүндө өздөрүнүн умтулуусу менен предметтик олимпиадада республикада Ош шаарын алга сүрөгөн окуучуларды жана билим берүү жараянына зор салым кошуп келе жаткан мугалимдерди, ошондой эле сынактын финалдык баскычынын катышуучуларын баалуу белектер жана акчалай сыктыктар менен сыйлады.

Жыйынтыгында №27 XXIV Партсъезд мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл баш байгени багындырып, атайын акчалай сыйлык, грамота жана А.Нурбаевдин «Жаш мугалим» кубогу менен сыйланды. Андан башка 5 катышуучу да алган орундарына жараша акчалай сыйлык жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын грамоталары менен сыйланышты.

There are no comments yet.

Добавить комментарий

Your email address will not be published. Required fields are marked (*).