Алтынчы класстар арасында математика боюнча олимпиада өттү.

Бүгүн, 3-март күнү Оштогу Курманжан Датка атындагы кыздар лицейинде шаардагы мектеп окуучулары үчүн АКМО (алтынча класстардын математикалык олимпиадасы) болуп өттү. Аталган олимпиаданын I баскычына Ош шаарындагы бардык мектептерден 5тен окуучу болуп, жалпы 324 жалпы окуучу катышты.
Математика боюнча олимпиаданын бул баскычынын жыйынтыгында окуучулар атайын сертификаттар менен сыйланышып, 2018-жылдын 31-мартында боло турган олимпиаданын II баскычына 44 окуучу жолдомо алды.

There are no comments yet.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked (*).