Ош шаарында 2018-жылы белгиленүүчү залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын утурлай анын өрнөктүү өмүрү тууралуу «Бабамдан баян» китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.

Китеп залкар манасчынын чөбөрөсү Турганаалы Мамай тарабынан жазылып, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун колдоосу менен чыгарылган.

Т. Сатылганов атындагы облустук китепканасында өтүүчү китептин бет ачарына аталган иш-чаранын уюштуруучулары — «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, «Инсан таануу» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле шаардагы мектептердин адабиятчы мугалимдери, студенттер, мектеп окуучулары жана ЖМК өкүлдөрү катышмакчы. Иш-чара Ж.Мамайдын вариантындагы «Манастан» үзүндү айтуу, манасчы тууралуу видеотасма, «Бабамдан баян» аттуу китептин презентациясы, окуучулардын Ж.Мамайга жана анын чыгармачылыгына арналган ырлары, ошондой эле талкуулардын коштоосунда өткөрүлөт.

Залкар манасчы Ж.Мамай 1918-жылы Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданында жарык дүйнөгө келип, 2014-жылы бул дүйнө менен коштошкон. Ал башка манасчылардан өзгөчөлөнүп, «Манасты» жети урпагына чейин айткан.