Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаны жыл — бул майрам болуу менен бир катарда жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарууга жана алдыга жаңы максаттарды белгилөөгө жакшы өбөлгө болуп эсептелет. Өткөн жыл Ош шаардык билим системасы үчүн маанилүү окуялардын, өзгөрүүлөрдүн жылы болду десек жаңылышпайбыз. Дайыма аткарылуучу традициялык иш-чаралар менен кошо бир катар жаңылыктар ишке ашырылды. Ушул жетишкендиктер жалпы жамааттын талыкпас эмгегинин натыйжасы экендиги талашсыз.

Урматтуу кесиптештер! Ош шаарынын билим берүү мекемелери республикабыздын билим берүү системасында өзгөчө мааниге ээ. Анткени биздин алдыбызда элге жана окуучуларга улут аралык ынтымактуулук боюнча өзгөчө тарбия берүү, окутууда көп тилдүүлүк усулун жайылтуу, ушул багыттар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, толеранттуулукка тарбиялоо боюнча чоң миссия турат. Ушул иштердин бардыгы Ош шаарынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аткарылышы керек.

Урматтуу мекеме жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар жана жалпы кызматкерлер! Жаңы жыл сиздер үчүн ийгиликтердин, ден-соолуктун, бактылуулуктун жылы болсун! Ал эми сиздер окутуп жаткан балдар, сиздер тарбиялап жаткан бөбөктөр коомчулук каалагандай билим, тарбия алышып бактылуу балалыктын доорун сүрүшсүн!

 Уважаемые коллеги!

От всей души поздравляю вас с наступающим Новым годом! Новый год — это одновременно и праздник, и хороший повод подвести итоги, и наметить новые цели. Прошедший год ознаменовался для нас важными событиями в жизни городской системы народного образования. Наряду с традиционными мероприятиями совместными усилиями мы провели ряд нововведений.
Уважаемые коллеги, как вам известно, наша Ошская школьная система образования занимает особое место в республике, так как несет важную миссию в укреплении межэтнического согласия, интернационального воспитания, внедрения толерантности и многоязычия в преподовании.
Дорогие руководители, учителя, воспитатели и все другие работники образовательных учреждений! Пусть наступаюший год станет для вас еще более успешным, счастливым и плодотворным. А у ваших учеников и воспитанников пусть будет только счастливое детство и вырастут они хорошими людьми, достойными нашего общества!

There are no comments yet.

Добавить комментарий

Your email address will not be published. Required fields are marked (*).