Ошто балдар үчүн мэрдин жаңы жылдык балатысы өттү

Бүгүн, 25-декабрь күнү Оштогу “Келечек” чыгармачылык балдар борборунда “Мэрдин балатысы” болуп өттү. “Алтын балаты ”деген аталыштагы оюн-зоок программасына шаардын мектеп-интернаттарынан , балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрндүн балдарынан 200гө жакын бала катышты.