«Атам, апам жана мен» сынагы өтүп жатканын Ош шаардык билим берүү башкармалыгын усулдук борборунун жетекчиси Кумарбек Раманов билдирди.

Сынакка мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринен куралган топтор катышып, билим жана тарбия жаатында күч сынашууда.

— Максаты — окуучуларыбыздын ата-энелеринин билим берүү жана тарбияга кошкон салымын даңазалоо жана үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн балдарын тарбиялоодогу иш тажрыйбасын жайылтуу. Сынактын аймактык баскычы 6-декабрында өткөрүлдү. Андан жеңип чыккандар 20-декабрь күнү өтө турган сынактын финалдык баскычына катышат,- дейт Раманов.

Буга чейин Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин базасында «Ата-энелер мектеби» түзүлүп, улуу муунду мектеп турмушуна тартуу жаатында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келүүдө.